Ордо калаадагы №54 мектептин директоруна сөгүш жарыяланды

Ордо калаадагы №54 мектептин директоруна сөгүш жарыяланды.

Калаа мэриясынан билдиришкендей, жетекчилик мектептин фондуна акча чогултууну талап кылган.

Мындан тышкары, каражат чогултууну билдирген мугалим жумуштан алынды.

Аталган фактыга карата мэриянын билим берүү башкармалыгынын адистери

териштирүү иштерин жүргүзүштү. Эми мектеп жетекчисин кызматтан алуу маселеси каралат.