Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык  жумушчу топтору биргелешкен жолугушууларды өткөрүүдө

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык  жумушчу топтору биргелешкен жолугушууларды өткөрүүдө. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, коңшу өлкөнүн делегациясы иш сапары менен биздин республикага келди.   Жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын аймагында алмашууга ылайыктуу тилкелерди 1-мартка чейин аныктоо тапшырмасы берилди. Белгилеп кетсек, жер алмашуу суроосу кыргыз-тажик… Кененирээк…

Россиянын Челябинск-Троицк трассасынын 107-чакырымында авария 5 адамдын өмүрүн алды

Россиянын Челябинск-Троицк трассасынын 107-чакырымында авария 5 адамдын өмүрүн алды. Алдын-ала маалымат боюнча, алардын бардыгы Кыргызстандын жарандары болгон.   Кечээ Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, маңдайкы тилкеге чыгып, жүк ташуучу машине менен кагылышты. Кыргыз мамлекеттик номуру менен унаанын ичиндегилердин бардыгы каза тапты. Жол… Кененирээк…

Кумтөр кенинде ишти улантууга уруксат берилди

«Кумтөр Голд» компаниясы тоо-өндүрүш иштерин улантууга уруксат алды. Бул тууралуу “Азаттыкка”  Тоо-металлургия кесиптик кошуундарынын борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.   Тажибаевдин айтымында, ишкана 2020-жылга Кумтөр кенинде тоо иштерин жүргүзүү планын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашты.   Кен… Кененирээк…

Бассейнге кире албаган аялдар прокуратурага кайрылышты

Бассейнге кире албаган аялдар прокуратурага кайрылышты. Аларды Түндүк Кавказдагы спорт стадионундагы эң чоң бассейнге түшүрбөй коюшкан. “Анжи арена” спорт комплесинин жетекчилиги аларды аял болгону үчүн киргизген эмес. Белгилеп кетсек, аталган спорт комплексинин «Инстаграмдагы» баракчасында 20-январдан тарта аялдар бассейнге киргизилбей турганы боюнча билдирүү жарыяланган. Анда мындан… Кененирээк…

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия сынак жарыялайт

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия көркөм адабий чыгармаларды жана котормолорду басып чыгарууга сынак жарыялайт. Анда «Азыркы адабият», «Дүбүрт», «Дүйнөлүк адабият» жана «Дүйнө» серияларынын алкагында жарык көрө турган көркөм адабий чыгармаларды жана котормолорду басып чыгаруу үчүн үч айлык мөөнөт берилет. Эмгектер электрондук түрдө 23-мартка чейин кабыл… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропортунун иш тартиби өзгөрөт

“Манас” эл аралык аэропортунун иш тартиби өзгөрөт. Аба майданынын маалымат кызматынан novosti.kgге билдиришкендей, апрель айынан октябрга чейин анын аймагында пландык ремонттук иштер жүрөт. Кеп, учуп-конуучу тилке, жолчолор жана токтотмо жайлар тууралуу болуп жатат. Кайра калыбына келтирүү иштерине байланыштуу, дүйшөмбү, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү кечки… Кененирээк…

АКШнын Флорида штатында игуана жамгыры жаашы күтүлүүдө

АКШнын Флорида штатында игуана жамгыры жаашы күтүлүүдө. Штаттын метеорология кызматы жакынкы күндөрү аба ырайынын начарлашынан улам игуана же майда кескелдириктер жаашы ыктымал экенин шаар тургундарына эскертти. Аба табы 4 градустан ылдыйлаганда эле кескелдириктер бакта уктап жаткан жеринен кулай башташат. Бак-дарактардын жанынан өтүүдө жана аларды аралап… Кененирээк…

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин сайты ачты

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин сайты ачты. Ал artmuseum.kg деп аталып, ага 4 миңден ашык картина жана скульпторлордун миңге чукул эмгеги коюлду. «Графика» жана «Кол өнөрчүлүк» бөлүмдөрү азырынча толтурула элек. «Долбоордун максаты — санарип технологиянын жардамы менен музейдин фонддорунан жана коллекцияларынан чогултулган улуттук маданий… Кененирээк…

Бишкекте 76 көчөгө ысымдар ыйгарылды

Бишкекте 76 көчөгө ысымдар ыйгарылды. Бул тууралуу мэриядан 24 агенттигине  билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы аталыштагы көчөлөрдүн санынын көптүгү боюнча Биринчи май району алдыда турат. Эң аз — Октябрь районунда. Жаңы аталыштагы көчөлөрдүн арасында Комуз, Сыбызгы, Кара Жорго, Көөкөр, Оймок жана Зергер сыяктуу өзгөчө аттар бар. Белгилеп кетсек, мамлекеттик… Кененирээк…

Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Эске салсак, өкмөттүн Жалал-Абаддагы мурунку өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев аталган кызматты 2016-жылдын октябрь айынан бери аркалап келген. Ал эми Мирзахмедов Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп келгени маалым.