Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык  жумушчу топтору биргелешкен жолугушууларды өткөрүүдө

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык  жумушчу топтору биргелешкен жолугушууларды өткөрүүдө. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, коңшу өлкөнүн делегациясы иш сапары менен биздин республикага келди.

 

Жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын аймагында алмашууга ылайыктуу тилкелерди 1-мартка чейин аныктоо тапшырмасы берилди. Белгилеп кетсек, жер алмашуу суроосу кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууда каралган.