Бишкекте 76 көчөгө ысымдар ыйгарылды

Бишкекте 76 көчөгө ысымдар ыйгарылды.

Бул тууралуу мэриядан 24 агенттигине  билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы аталыштагы көчөлөрдүн санынын көптүгү боюнча

Биринчи май району алдыда турат. Эң аз — Октябрь районунда.

Жаңы аталыштагы көчөлөрдүн арасында Комуз, Сыбызгы, Кара Жорго, Көөкөр, Оймок жана

Зергер сыяктуу өзгөчө аттар бар. Белгилеп кетсек, мамлекеттик статистика шаардык

башкармалыгыБишкекте 237 көчөнүн аталышы жок экендигин тактаган болчу.