АКШнын Флорида штатында игуана жамгыры жаашы күтүлүүдө.
Штаттын метеорология кызматы жакынкы күндөрү аба ырайынын
начарлашынан улам игуана же майда кескелдириктер жаашы ыктымал экенин
шаар тургундарына эскертти. Аба табы 4 градустан ылдыйлаганда эле
кескелдириктер бакта уктап жаткан жеринен кулай башташат.
Бак-дарактардын жанынан өтүүдө жана аларды аралап сейилдөөдө жарандар этият болушу керек.
Себеби кескелдириктер кыймылсыз жатса жансыз дегенди билдирбейт.