Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Бейшеналиева, Айни, Москва көчөлөрүндө, Ак-Тилек, Рухий-Мурас, Эне-Сай конуштарында, Чыгыш-5 кичи районунда жана Пригородное, Маевка, Военно-Антоновка, Шопоков айылдарында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.