Ошто  коронавирусту алдын алуу үчүн атайын штаб түзүлдү

Ошто  коронавирусту алдын алуу үчүн атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин аталган облус боюнча координатору Абдимитал Шамшиев билдирди.   Анын айтымында, штаб министрликтин тапшырмасы менен түзүлдү. Учурда Ош боюнча илдетке кабылгандар жана шек жараткан бейтаптар жок.   Андан тышкары, “Ош” эл аралык аэропорту… Кененирээк…

Кайра түзүлгөн Кайгуул милиция кызматына 3 айда 8 миңге чукул чакыруу түштү

Кайра түзүлгөн Кайгуул милиция кызматына 3 айда 8 миңге чукул чакыруу түштү. Бул тууралуу ордо калаанын ички иштер башкармалыгынын начальниги Канат Жумагазиев билдирди.   Анын айтымында, учурда кызматта 454 адам эмгектенүүдө. Алар экзамендерден ийгиликтүү өткөндөр. Ведомствонун балансында 80 кайгуул унаасы бар. Эске салсак, Кайгуул кызматы… Кененирээк…

Кыргызстанда ушул жылы “Санарип ID” системасы ишке кирет

Кыргызстанда ушул жылы “Санарип ID” системасы ишке кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди. Анын айтымында, жаңычылдык жарандардын бийлик менен байланышын жеңилдетүүгө багытталат.   Эгер буга чейин айрым кызматтарды алууга адамдын өзүнүн болуусу тийиш болсо, эми онлайн режимде идентификация жүрөт. Бул өзгөчө… Кененирээк…

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал күнү-түнү текшерилиши керек

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал күнү-түнү текшерилиши керек. Мындай талапты тиешелүү кызматтарга президент Сооронбай Жээнбеков койду.   Өлкө башчы бардык алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырып, азыркы кырдаал тууралуу так эмес маалымат таркатууга жол бербөө максатында өлкө калкын дайыма маалымдоо маанилүү экенин билдирди.   Жээнбеков белгилегендей, вирустун пайда… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң эле меймандос жерлери аталды

Дүйнөнүн эң эле меймандос жерлери аталды. Рейтингди Booking.com брондоо сервиси түздү. Биринчи орунда өзгөчө аскалары жана аба шарлары менен белгилүү болгон Түркиянын Гёреме шаары жайгашат.   Экинчи орунда Словакиянын Татранская Ломница шаары турат.   Анда муз тоңгон көлдөргө укмуштуудай көрүнүштөр бар. Рейтингдин үчилтигин Вьетнамдагы Фонгня… Кененирээк…

Тилек конушунда канализациянын курулушу жыйынтыкталууда

Тилек конушунда канализациянын курулушу жыйынтыкталууда. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, 3 миң чакырым түтүктөрдөн 245 чакырымын өткөрүү гана калды. Иштер толугу менен мартта жыйынтыкталат.   Долбоорду ишке ашырууга шаар бюджетинен 24 миллион сом бөлүнгөн. Мэриядан белгилешкендей, ордо калаанын жаңы конуштарынын көбүнө канализация акырындап өткөрүлөт.

Кыргызстандын магистралдары кыймылга ачык

Кыргызстандын магистралдары кыймылга ачык. Бизге Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, эл аралык маанидеги жана ички жолдордо аба-ырайына байланыштуу чектөөлөр киргизилген жок. Бишкек-Ош трассасында жолчулар тынбай иштеп, карды тазалап жатышат.   Иштер ошондой эле, Талас-Тараз-Суусамыр, Ош- Сарыташ-Иркештам  жолдорунда жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын топтору… Кененирээк…

Бишкек мэриясы универсалдуу унааларды сатып алат

Бишкек мэриясы универсалдуу унааларды сатып алат. Транспорт каражаттары өтө чоң эмес болуп, тротуарларды дагы тазалоого ылайыкталган. Учурда ордо калаада мындай машинелердин 4 даанасы бар.   Азырынча, техника качан алынып келинет, белгисиз. Кошумчаласак, аталган универсалдуу унаалар шаар аймагын жыйнап-тазалоо боюнча бир топ жумуштарды аткарууга шарт түзөт.

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана сатуу көлөмү былтыр   9 пайыза өстү

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана сатуу көлөмү былтыр   9 пайыза өстү. Акчалай түрдө бул  2018-жылга салыштырмалуу, 17 миллиард сомго көп болду, — деп билдиришти Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктен.   Эң мыкты көрсөткүчтөр Ош жана Жалал-Абад облустарында катталды. Анын ортосунда, Талас, Баткенде тескерисинче, төмөндөө… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус катталды деп жалган маалымат таркаткандарга карата чара көрүлөт

Кыргызстанда коронавирус катталганы боюнча маалымат чындыкка  дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Белгилеп кетсек, акыркы күндөрү өлкөдө жаңы вирусту жуктуруп алгандар болуп жатат деген билдирүүлөр социалдык тармактарда тарап жатат.   Жалган маалымат жайылткандарга карата чара көрүлөт, — деп буга чейин милициядан… Кененирээк…