Шаардыктарга мыйзамсыз таштанды ыргытуу үчүн 1 миллион сомдон ашык айып салынды

Жыл башынан бери шаардыктарга мыйзамсыз таштанды ыргытуу үчүн

1 миллион сомдон ашык айып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар кафе, кинотеатр жана мыйзамсыз сатуу түйүндөрү.

Мыйзамсыз таштанды ыргытууга карата 112 протокол толтурулду.

Аталган фактыларды көзөмөлдөө максатында Санитардык экологиялык

инспекция калаада күн сайын рейд жүргүзүп турат. Ал эми учурдагы

салынуучу айыптын көлөмү физикалык жактар үчүн 3 миң сом болсо,

юридикалык жактар үчүн 13 миң сомду түзөт.