Марттан баштап ордо калаадагы аялдамалар 2ге бөлүнөт

Марттан баштап ордо калаадагы аялдамалар 2ге бөлүнөт.

Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди.

Анын айтымында, автобустарга арналган аймак жашыл түс менен,

ал эми маршруттук унаалар үчүн сары түс менен белгиленет.

Көбүрөөк бөлүгү же 80 пайызы автобустарга бөлүнмөкчү.

Мындай иштер коомдук унаалары тартипке келтирүү максатында жасалып жатат.

Учурда кесилиштерге жакын аялдамаларда курулуш иштери башталды.