Кыргызстанда орган алмаштырууга шарт түзүү үчүн аракет көрүлүп жатат

Кыргызстанда орган алмаштырууга шарт түзүү үчүн аракет көрүлүп жатат.

Бул тууралуу вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, жарандар өлкөдөн сыртка чыкпай эле Кыргызстандын

аймагында орган алмаштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Бул үчүн Кыргызстан жана Россиянын онкологдор ассоциациясынын

ортосунда атайын келишимге кол коюлат. Белгилей кетсек, органын

алмаштырууга мажбур болгон бейтаптардын саны жыл сайын өсүп жатат.