Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин
Москванын “Торпедо” клубуна өттү. Ал ушул жуманын башында
“Динамо-Минск” командасынан кеткен. Анын машыктыруучусу
Сергей Гуренконун айтымында, командадан кетүүнү оюнчу өзү сунуштады.
Кетип жаткан себеби жаңы клуб көп каражат сунуштаганында.
Кошумчаласак, Кичин белоруссиялык командада 2016-жылдан бери ойноп келген.