Европа Биримдиги Кыргызстанга 5,5 миллион евро бөлдү.
Ал грант катары Финансы министрлигине тапшырылды.
Бул каражат өлкөнүн социалдык секторуна колдоо көрсөтүү
программасынын алкагында которулду. Биримдик 2014-жылдан
баштап аталган секторду колдоо максатындагы программаларга
акча бөлүп келет. Каражаттын жалпы суммасы 174 миллион еврону түзөт.