Златан Ибрагимович Италия кубогунун жооптук беттешине катышпайт

«Милан» футболчусу Златан Ибрагимович Италиянын кубогунун

жарым финалынын жооптук беттешине катышпайт. 38 жаштагы оюнчу

«Ювентуска» каршы оюнда орой беттешкени үчүн сары айып кагазын алган.

Дагы бир эскертүү алса, анда оюндан четтетилет. Эске салсак,

эки команданын оюну 1:1 эсебинде жыйынтыкталган.

Ал эми жооптук беттеш 5-мартта өтөт.