Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы мектеп пайда болду

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы мектеп пайда болду. “Турмуш” агенттиги билдиргендей, 275 окуучуга чакталган орто билим берүү мекемеси Баетов айылында ачылды.   Долбоорду ишке ашыруунун баасы 66 миллион сомду түздү. Мектептин ачылышында жергиликтүү бийлик 2 компьютер жана 100 миң сом тапшырды. Кошумчалап кетсек, айылдын буга… Кененирээк…

Кыргызстанда калкты каттоого 25 миң адам тартылат

Кыргызстанда калкты каттоого 25 миң адам тартылат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, кызматкерлер жарандардын маалыматын чогултушат. Жалпысынан, өлкө аймагында 500 каттоо бөлүмүн ачуу пландалууда.   Эске салсак, Кыргызстанда калкты каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин өтөт. Бул ирет ал биринчи жолу уюлдук тиркеменин жардамы мене жүргүзүлөт.

“Электрондук билеттештирүүнүн” карталары окуучуларга кийинки жумада жеткиликтүү болот

“Электрондук билеттештирүүнүн” карталары окуучуларга кийинки жумада жеткиликтүү болот. Долбоордун авторлорунун айтымында, окуучулардын жол карталары даяр, учурда мектептен берилген тизме боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатат. Электрондук картанын баасы 50 сом.   Аны окуучу бир жолу сатып алып, айына 175 сомдон толтуруп турушу керек. Бул анын бир айлык… Кененирээк…

Убактылуу айдоочу күбөлүгү менен жүргөн айдоочулар 15-февралдан баштап айыпка тартылат

Убактылуу айдоочу күбөлүгү менен жүргөн айдоочулар эртеңден баштап айыпка тартылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Ахмед Нурманбетов белгилегендей, аларды аныктоо үчүн атайын рейд жүргүзүлбөйт.   Бирок жол эрежесин бузуп, алмаштырылбаган же убактылуу айдоочулук күбөлүгү менен жүргөнү аныкталса, мыйзамга ылайык 1 миң сом өлчөмүндө айып… Кененирээк…

Кыргызстандын Футбол федерациясы Кыргыз футбол союзу болуп өзгөрдү

Кыргызстандын Футбол федерациясы Кыргыз футбол союзу болуп өзгөрдү. Уюмдун маалымат кызматынан билдиришкендей, мындай өзгөртүү боюнча чечим 2019-жылдын 14-ноябрында өткөн кезексиз конференцияда 39 делегаттын макулдугу менен кабыл алынган.   Анткени FIFA жакынкы убакыттан бери өз уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизди.

Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова кызматтан бошотулду

Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мэрия аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, башкармалыкты Мейрманованын орун басары Наталья Никифорова убактылуу жетектеп турат.   Ал эми жаңы жетекчи сынактын негизинде тандалат.  Эске салсак, буга чейин Балбак Түлөбаев Билим берүү башкармалыгын Мейрманова… Кененирээк…

Россиядагы мигранттарга үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт

Россиядагы мигранттарга үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, буга чейин алты участок иштеп келсе, алардын санын 12ге жеткирүү пландалууда.   Консулдук каттоонун эрежеси өзгөртүлдү. Мурда көп документтер керектелсе, азыр паспорт жана анкета толтуруу менен шайлоочулардын тизмесине кире алат. Каттоо акысыз… Кененирээк…

Эми ар бир кыргызстандык мал-мүлкү тууралуу отчет берет

Эми ар бир кыргызстандык мал-мүлкү тууралуу отчет берет. Президент Сооронбай Жээнбеков “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.   Документке  ылайык, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик ишканалар, эл аралык уюмдарда иштеген жана башка   17 жаштан жогорку… Кененирээк…