Казакстан ЕАЭБдин эрежелерин бузууда

Казакстан ЕАЭБдин эрежелерин бузууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр биримдиктин уставдарын, өзгөчө товардын эркин жүгүртүү эрежелерин сакташы керек. Кыргызстандык жүк ташуучу унаалар чек ара бекеттеринде 6 күнгө чейин кармалып жатат. Ошондой эле, декларацияларда товардын баасы туура эмес көрсөтүлүүдө. Бул… Кененирээк…

112 жаштагы япониялык адам «дүйнөнүн эң улгайган эркек кишиси» деп табылды

112 жаштагы япониялык адам «дүйнөнүн эң улгайган эркек кишиси» деп табылды. Ал Япониянын Ниигата аймагындагы карылар үйүндө жашайт. Анын 5 баласы бар. Читетсу Ватанабеге Гиннес китебинин кызматкерлери тарабынан тиешелүү сертификат тапшырылды. Буга чейин 113 жаштагы дүйнөнүн эң кары адамы былтыр каза тапкан. Ал дагы Япониянын Хоккайдо… Кененирээк…

Бишкекте ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу уланууда

Бишкекте ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери Аалы Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөр кесилишине 61 түп туя отургузду. Ал жерде буга чейин таман таш төшөлүп турган. Өткөн жумада дагы аталган тилкеге 36 түп кызыл карагай отургузулган. Ошондой эле шаарды жазгы-жайкы… Кененирээк…

Мектептердеги ата-энелер фондун көзөмөлдөө үчүн сайт ишке кирет

Мектептердеги ата-энелер фондун көзөмөлдөө үчүн сайт ишке кирет. Бул тууралуу Билим берүү министринин кеңешчиси Расул Абазбек бизге кабарлады. Анын айтымында, mektep.edu.kg деп аталган сайтта финансылык каржылоо бөлүмү бар. Ал жерде бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттардын кайсы максатта сарпталып жаткандыгы боюнча маалымат жеткиликтүү болот. Кошумчаласак, тиешелүү… Кененирээк…

Мигранттардын балдары жашап жаткан үйлөр текшерилүүдө

Баардык райондордо балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында райондук штабдын мүчөлөрү үйлөрдү текшерүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет. Маалыматка караганда, мигранттардын балдары тарбияланып жаткан айрым үй-бүлө мүчөлөрү аркылуу балдарга мыйзамсыз иштер жасалып аткандыгы катталууда. Буга карата, Ички иштер министрлиги ар бир факты… Кененирээк…

Өлкөдө быйыл өткөн жылга салыштырмалуу респиратордук вируска кабылгандардын саны аз

Кыргызстанда быйыл өткөн жылга салыштырмалуу респиратордук вируска кабылгандардын саны аз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен novosti.kg ге билдиришти. Маалыматка караганда, өлкөдө эпидемиалогиялык абал туруктуу. Ошондой эле коронавирус каттала элек. Бул үчүн чек арадан өткөн жарандар дыкат текшерилип жатат. Вирустун алдын алуу боюнча бала бакча, мектеп,… Кененирээк…

Туристтер эң романтикалуу шаарларды аташты

Туристтер эң романтикалуу шаарларды аташты. Онлайн брондоо боюнча компаниялардын бири 9 миң респонденттин арасынан суражылоо жүргүздү. Эң эле көп добуштарды – 36 пайыз – Италиянын Верона шаары ээледи.   Экинчи орунда  21 пайыз добуш менен Париж турат. Суралгандардын 18 пайызы Махабат күнүн Рим шаарында өткөргүсү… Кененирээк…

Өзбекстанда үй-бүлө жана махалля министрлиги түзүлөт

Өзбекстанда үй-бүлө жана махалля министрлиги түзүлөт. Демилге президент Шавкат Мирзиёевге таандык. Анын айтымында, өлкөдө улуттук, үй-бүлөлүк баалуулуктар акырындык менен жоголууда, андыктан жаштарды туура жолго салуу керек.   Белгилеп кетсек, Мирзиёев буга чейин ал жашы 18ге чыга элек кыздарга турмушка чыгууга тыюу салган. Андан тышкары, аял-эркектин тең укуктуулугу… Кененирээк…

Бишкектин борборун маршруттук таксилерден бошоткондон кийин, алардын айдоочулары жумушсуз калбайт

Бишкектин борборун маршруттук таксилерден бошоткондон кийин, алардын айдоочулары жумушсуз калбайт. Биздин радиого “Бишкек жүргүнчү автотранспорту” ишканасынын начальниги Нурлан Койчубаков түшүндүргөндөй, ордо калаанын аймагында 53 жаңы конуш бар.   Алардан күн сайын маршруттук линия ачуу боюнча каттар келет. Борбордук бөлүктөн алынган кичи автобустар, ошол конуштарга каттап… Кененирээк…

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы 27-28-февралда  Бишкекте өтөт

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы 27-28-февралда  Бишкекте өтөт. Анда жергиликтүү олимпиадалардан утуп келген 156 окуучу 10 предмет боюнча күч сынашат. Мэриянын маалыматына ылайык, олимпиада Раззаков атындагы техникалык, Кыргыз-орус славян университеттеринде жана №31 мектеп-гимназияда болот.   Белгилеп кетсек, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жогорку окуу жайларына кирүүдө жеңилдиктер берилет.