Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча жумушчу долбоорго
627 компания катышууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан
кабарлашты. Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери жана компаниялардын
өкүлдөрү ар жумалык негизде “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык
системасын тестирлөөдөн өткөрүп турушат. Белгилеп кетсек, 1-апрелден
тартып КНС төлөчүлөр, товар импорттоочулар жана экспорттоочулар
электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонушат.