Нарын облусунун Баетов айылында жаңы мектеп ачылды
Нарын облусунун Баетов айылында жаңы мектеп ачылды. Ак-Талаа районунда колдонууга берилген билим берүү мекемеси 4 имараттан турат. Анын бири 2011-жылы жараксыз абалга келген. Курулушка 66,5 миллион сом жумшалды. Мектеп бардык заманбап материалдар жана жабдуулар менен камсыздалган.