Бүгүн түндө Ысык-Көлдүн түштүк тарабында жер титиреди.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, анын очогу
Кажы-Сайдын түштүк-батышында 7 чакырым алыстыгында жайгашкан.
Аталган аймакта жана Бөкөнбаев, Тоң айылдарында зилзала
4 баллга чейин сезилди. Ал эми Ак-Сай, Төрт-Күл, Тосор аймактарында
3 баллга чейин жетти. Алдын ала маалымат боюнча каза тапкандар
катталган жок. Учурда жабыр тарткандар бар же жогу аныкталууда.