Кыргыз күрөштүн балбандары көчмөндөр оюнуна жолдомо алуу үчүн мелдешет

Кыргыз күрөштүн балбандары көчмөндөр оюнуна жолдомо алуу үчүн мелдешет. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, Бишкекте 1-2-мартта спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Анда республиканын балбандары жети салмак категорияда күч сынашат. Эске салсак, Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыз улуттук спортунун жети… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 29 миллиард сомго жакын каражат жумшалат

Ушул жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө республикалык бюджеттен 29 миллиард сомго жакын каражат жумшалат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет. Маалыматка караганда, өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө 16 миллиард сомдон ашык, ал эми ички бересесине 12 миллиард сомдон көбүрөөгү жумшалат. Белгилеп кетсек,  Кыргызстандын учурдагы тышкы карызы 4… Кененирээк…

Россияда «бир жыныстуу ата-эне» болбойт

Россияда «бир жыныстуу ата-эне» болбойт. Президент Владимир Путин балдардын «апасы жана атасы» гана болоорун билдирди. Анын айтымында, мындай реформа мамлекеттин келечегин сактап калуу максатында жасалып жатат. Кошумчаласак, АКШда 2011-жылы, Францияда 2019-жылы Улуттук кеңеш расмий документтерге «ата» жана «эне» деген сөздү колдонууга каршы добуш берген. Мындай… Кененирээк…

Жалал-Абадда “Нефтчи” командасы менен “Хужант” беттешет

Жалал-Абадда “Нефтчи” командасы менен “Хужант” беттешет. Азия футбол конфедерациясынын кубогунун оюндарынын алкагында өтүп жаткан жолугушуу эртең  «Курманбек» стадионунда өтөт. Эске салсак, 5-февралда Түркмөнстандын «Ахал» командасы «Нефтчи» менен болгон мелдешке Кытайда чыккан коронавируска байланыштуу келбей койгон. АФК аталган клубду турнирден четтетип, «Нефтчи» автоматтык түрдө плей-оффко чыккан.

Ордо калаадагы павильондордун дизайны өзгөрөт

Ордо калаадагы павильондордун дизайны өзгөрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, кеп, азырынча Москва көчөсүнүн боюндагы күркөлөр жөнүндө болуп жатат. Дизайнерлер соода түйүндөрүнүн бир нече эскизин даярдап, ишкерлерге сунушташты. Алар менен алдын ала келишим түзүлдү. Учурда дизайндын түзүлүшү даяр. Күн жылыса эле соода күркөлөрүнүн фасады… Кененирээк…

Ошто 1 үйгө 1 миң 300 адам каттоого турганы аныкталды

Ошто 1 үйгө 1 миң 300 адам каттоого турганы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов билдирди. Мекеме мыйзамда чектөө жок экенин, үйдүн ээси макулдук берсе жарандар каалаган жерине каттоого тура аларын кабарлады. Аталган факты кылмыш жана жоруктардын “Добуш сатып алуу”… Кененирээк…

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында биздин өлкөнүн атаандаштары аныкталды

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында биздин өлкөнүн атаандаштары аныкталды. Аталган спорт түрү федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбековдун айтымында, Кыргызстан Филиппин, Малайзия жана Кувейт менен ойнойт. Уткан команда төртүнчү дивизиондон үчүнчү дивизионго өтөт. Эске салсак, шайба менен хоккей ойноо боюнча дүйнө чемпионаты 3-марттан 5ине чейин Бишкектеги шаардык муз… Кененирээк…

107 миң окуучунун ата-энеси миграцияда жүрөт

107 миң окуучунун ата-энеси миграцияда жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбаева билдирди. Анын айтымында, мигранттардын балдары каттоого алынып, жылына 3 жолу текшерилет. Аларга атайын карточка ачылды. Анда балага ким жооптуу экени көрсөтүлөт. Белгилеп кетсек, аймактарда ата-энеси чет өлкөдө эмгектенген жарандардын балдары тарбияланып… Кененирээк…

Ат-Башыга логистикалык борбор курулбайт

Ат-Башыга логистикалык борбор курулбайт. Бул тууралуу «Нарын» эркин экономикалык аймагынын башкы директору Артур Байтереков билдирди. Анын айтымында, борборду кура турган компания долбоорду жабуу чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды. Логистикалык борбордун курулушунун жүрүшүндө жана ал иштеп… Кененирээк…