Круиздик лайнерде коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктын абалы канааттандыраарлык

Круиздик лайнерде коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Андан белгилешкендей, мекендештин  дене табы жок, ал атайын көзөмөлгө алынды. Жаран тууралуу кошумча маалыматтар такталууда. Белгилеп кетсек, лайнердеги 67 адамдан илдеттин белгилери табылды. Учурда кеме Япониянын Иокогама шаарында карантинде. Анда жалпысынан 3 миңге жакын жүргүнчү бар.