Бишкекте “Коопсуз кичи район” долбоорун ишке ашырууга 1,5 миллион сом бөлүндү

Бишкекте “Коопсуз кичи район” долбоорун ишке ашырууга 1,5 миллион сом бөлүндү. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, сыноо ирээтинде  6-кичи район тандалып алынды.

 

Алгачкы этапта коомдук жана административдик мекемелердин айланасында 72 видео камера орнотулду. Алар кылмыштардын бетин ачууга жардам берүүдө. Кийинки этаптын алкагында камералар “Асанбай” жана  11-12-кичи райондордо пайда болот.