Айпери Медет кызы күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Индияда өтүп жаткан биринчиликте мекендеш килемге 76 килограмм салмак категориясында чыгууда. Ал буга чейин 3 атаандашын багындырып чечүүчү беттешке жолдомого ээ болду.
Айпери Медет кызынын финалдагы атаандашы азырынча аныктала элек.