“Электрондук билеттештирүү” долбоорунун алкагында аскердик пенсионерлер коомдук транспортто акысыз жүрө албайт

“Электрондук билеттештирүү” долбоорунун алкагында аскердик пенсионерлер коомдук транспортто акысыз жүрө албайт. Бул тууралуу долбоордун басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Андан түшүндүрүшкөндөй, аскер кызматкерлеринин пенсиялык фонду өзүнчө. Андан коомдук транспорт үчүн кошумча акча бөлүнбөйт. Андыктан, эми Бишкекте автобус, троллейбустарда жаш курагы боюнча пенсияга чыккандар гана акысыз жүрө алат. Белгилеп кетсек, ордо калаада “Электрондук билеттештирүү” долбоору 1-мартта ишке кирет.