Бишкекте быйыл Жеңиш күнүнө карата жүрүшкө россиялык аскер авиациясы дагы катышат. Бул тууралуу Борбордук аскер округунун башкы командири Евгений Поплавский билдирди.
Ал түшүндүргөндөй, Бишкекке Кант аба базасындагы Ми-8 жана су-25 штурмовиктери тартылат. Эске салсак, буга чейин россиялык аскерлер 2015-жылы өткөн парадка катышкан болчу.