Кара-Кулжа районунун Көө-Чаты айылынын мектебинде окуу процесси жанданды

Кара-Кулжа районунун Көө-Чаты айылынын мектебинде окуу процесси жанданды. Эске салсак, 18-февралда бул жерде  Сагындык атындагы мектеп күйүп кеткен. Анда 100дөн ашык бала билим алып келген.   Novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жакынкы мектеп айылдан 2 чакырым аралыкта жайгашкандыктан, окуу процессин ошол жерде эле жайгаштыруу чечими… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 587 миллион долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 587 миллион долларга жетти. Өтүп кеткен жылдын 31-декабрына карата маалыматты Каржы министрлигинен беришти. Ага ылайык, 1 айда бересе 83 миллион сомго көбөйдү.   Мурдагыдай эле, карыздын басымдуу бөлүгү Кытайдын Эксимбанкы алдында – жалпы сумманын 46 пайызы. 2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстан… Кененирээк…

Месси «Барселона» үчүн Чемпиондор лигасындагы негизги атаандаштарын атады

Месси «Барселона» үчүн Чемпиондор лигасындагы негизги атаандаштарын атады. Ал күчтүү клуб катары «Ливерпуль», «Ювентус», «ПСЖ» жана «Реалды» белгиледи. «Барселона» Чемпиондор лигасынын жарым чейрек финалында италиялык «Наполи» командасы менен оюн өткөрөт. Кошумчаласак, «Барселона» клубу мурунку сезондо «Ливерпуль» командасына жеңилип калган.

23-февралда эркектерге көп берилчү белектер аныкталды

23-февралда эркектерге көп берилчү белектер аныкталды. Россиялыктар эксперттердин айтымында, эң көп берилген тартуулар кийим-кечектер. Экинчи орунга гигиеналык каражат жана атырлар чыкты. Андан сырткары, гаджеттер менен аксессуарлар да майрамга жакындаганда көп сатылган буюмдардын катарын толуктайт. Спорт жана хоббиге байланышкан буюмдар дагы аталган тизмеге кирет. Эң эле… Кененирээк…

Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 5 медаль тагынды

Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 5 медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жарыяланды. Анда Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө 6-орунга жайгашты. Азат Саладинов, Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга ээ болсо, Ильяз Ренат уулу, Роман Ким жана Руслан Царев коло медаль тагынышты. Биринчилик… Кененирээк…

Келээрки 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот

Келээрки 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Президент Сооронбай Жээнбековдун айтымында, 2024-жылга чейин 715 айылда курулуш иштери бүтүп, таза суу инфраструктурасы жаңыртылат. Учурда эл аралык финансылык институттардын каржылоосу менен 588 айылга тизме түзүлдү. Аларга сарпталуучу каражат 33 миллиард сомду түзөт.

Дарыгерлер карылыктын алдын алчу диетаны аташты

Дарыгерлер карылыктын алдын алчу диетаны аташты. Анда жашылча-жемишти көп пайдаланып, жаңгак, кесек тартылган ундан жасалган нан жана макаронду пайдалануу каралды. Мында рациондон этти  азайтып, балык жана деңиз азыктарына өтүү сунушталат. Ошондой эле бул диетада зайтун майынын ролу чоң. Аталган азыктар менен тамактанууда зат алмашуу жакшырып,… Кененирээк…

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайы атып түшүрүү жүрүп жатат

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайы атып түшүрүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, трассанын 121-198-265-чакырымдарында кар массаларын мажбурлап түшүрүү зарылдыгы келип чыкты. Коопту тилкелердеги иштер бүгүн кечке чейин уланат. Кошумчаласак, аталган иштерге байланыштуу жабылган Төө-Ашуудагы туннел кечинде толугу менен ачылып,… Кененирээк…

Кыргызстанда 150 адам карантинде

Кыргызстанда 150 адам карантинде. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, бейтаптардан анализ алынып, алар терс көрсөткүчтө экендиги аныкталды. Дарыгерлердин көзөмөлүндөгү жарандарда коронавирустун белгилери жок. Ал эми жашаган жери боюнча катталган 850 адам көзөмөлдө. Ведомстводон белгилешкендей. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча вируска чалдыккандар каттала элек. Эпидемиалогиялык абал туруктуу.

Монголия коронавирустан сактануу үчүн мектептерин убактылуу жапты

Монголия коронавирустан сактануу үчүн мектептерин убактылуу жапты. Бийлик ошондой эле бала бакча жана жогорку окуу жайлардагы ишмердүүлүктү 30-мартка дейре узартты. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиянын кароосунан өтүп, чектөөлөр 27-январдан тарта 2-мартка чейин деп белгиленген. Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө боюнча коронавиру с жуктургандардын саны… Кененирээк…