Кыргызстанда музей кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда музей кызматкерлеринин айлыгын көбөйтүү пландалууда. Сунушту Маданият, маалымат жана туризм министрлиги демилгеледи. Ага ылайык, музей кызматкерлеринин эмгек акысын 1,8 коэффициентке көтөрүү боюнча өкмөттүн токтому иштелип жатат.

 

Бул максатта каражат министрликтин 2019-жыл ичинде үнөмдөгөн акчасынын эсебинен алынат. Өлкөдө 116 музей бар. Анын 28и гана Маданият министрлиги тарабынан каржыланат. Токтом жактырылса, ведомство  өз карамагындагы мекемелерге көбөйтүлгөн өлчөм менен эмгек акы төлөй баштайт.