Карантинге алынган круиздик лайнердеги кыргызстандык Япониянын улуттук госпиталына жаткырылды

Карантинге алынган круиздик лайнердеги кыргызстандык Япониянын улуттук госпиталына жаткырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

 

Ал белгилегендей, мекендештин абалы жакшы. Коронавирустун белгилери анда аныкталган жок. Кыргызстандык жаран карантинге анын жанындагы адамда вирус аныкталган үчүн эле алынды, — деди Абдрахманов.

 

Белгилеп кетсек, лайнердеги 67 адамдан илдеттин белгилери табылды. Учурда кеме Япониянын Иокогама шаарында карантинде. Анда жалпысынан 3 миңге жакын жүргүнчү бар.