Кыргызстанда коронавирусту аныктоо үчүн тест-системалар жетиштүү

Кыргызстанда коронавирусту аныктоо үчүн тест-системалар жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин Россия 2,5 миң, Түркия 100 даана система тапшырган.

 

Жакынкы күндөрү алардын дагы партиясы жеткирилиши күтүлүүдө. Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Коронавирус өлкө аймагында катталган жок. Белгилеп кетсек, Кытайда чыккан вирус 2 миң 200 адамдын өмүрүн алып, 75 миң киши аны жуктуруп алганы айтылууда.