Россиядагы эң бай айым аталды.
Forbes басылмасынын версиясы боюнча ал интернет-дүкөндүн
ээси Татьяна Бакальчук. Ишкер айымдын акчасы учурда
1,4 миллиард доллар деп бааланат. Анын компаниясы товарларды
ээлерине 6 миң 300 жерден жеткирет. Алар Кыргызстан, Белоруссия,
Казакстан, жана Арменияда ачылган. Кошумчаласак, буга чейин
рейтингдин сап башында Елена Батурина 1,2 миллиард доллар менен турчу.