Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу жазында жанданат

Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу жазында жанданат. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди. Анын айтымында, көпүрөнүн салынышы дээрлик 99 пайызга жыйынтыкталган. 1 чакырым тилкеси калды, ал апрелдин ортолорунда курулуп баштаса, майдын аягында жыйынтыкталып калат. Иштер өз убагында бүтпөй тургандыгы, тиешелүү… Кененирээк…

Кармалган “Ошэлектронун” 2 кызматкери убактылуу иштен четтетилди

Кармалган “Ошэлектронун” 2 кызматкери убактылуу иштен четтетилди. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, кабыл алынган чечим тергөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин күчүндө болот. Эске салсак, аталган компаниянын Ноокат райондук  бөлүмүнүн жооптуу кызматкери жана инспектору жергиликтүү тургундан электр энергиясын уурдоо фактысын жашыруу үчүн 283 миң сом талап кылышкан.… Кененирээк…

ФИФАнын мурунку башкы катчысы Жером Вальке коррупцияга айыпталууда

ФИФАнын мурунку башкы катчысы Жером Вальке коррупцияга айыпталууда. Сөз Италия жана Грецияда өткөн дүйнө чемпионатын көрсөтүү укугун теле компанияларга берүүдөгү жем корлук тууралуу болуп жатат. Кошумчаласак, Вальке аталган кызматка 2007-жылы дайындалган. Ал Бразилияда 2014-жылы өткөн дүйнө чемпионатына билеттерди сатуудагы коррупциядан кийин, 2 жылдан соң иштен… Кененирээк…

Футбол боюнча Кыргызстан курамасы ФИФА рейтингинде 96-орунду сактап калды

Футбол боюнча Кыргызстан курамасы ФИФА рейтингинде 96-орунду сактап калды. Эл аралык федерация жаңыланган табелди жарыялады. Анда биздин мекендештер өз позициясын сактап калган жана анын эсебинде 1 миң 240 упай бар. Кошумчаласак, Азия футбол конфедерациясында Кыргызстан 15-сапта. Рейтингде лидерликти Япония 1,5 миң упай менен кармап турса,… Кененирээк…

Улуттук банктагы алтын валюта кору рекорддук көрсөткүчкө жетти

Улуттук банктагы алтын валюта кору рекорддук көрсөткүчкө жетти. Улуттук банктын маалыматында, ушул айдын көрсөткүчү боюнча алтындын запасы 51 миллиард сомдон ашты. Ал эми жыл башына салыштырмалуу запастын наркы 48,8 миллиард сомго көбөйгөн. Кошумчаласак, алтын валюта кору Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүнчүлүгүн берет. Резерв 10дон… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы жок болот

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы жок болот. Бүгүн кечки саат 6га чейин Чүй, Осмонкул, Жибек Жолу, Жунусалиев жана Грибоедов көчөлөрүндө жана аларга чектеш аймактардагы тилкелерде жарык болбойт. Арча-Бешик, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо конуштарында жана Орто-Сай айылында электр жарыгы өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Кыргызстандык спортчу финалга 76 килограмм салмак категориясында чыгып, анда япониялык балбанга 4:1 эсебинде утулуп калды. Эске салсак, Индияда өтүп жаткан биринчиликте Айсулуу Тыныбекова бүгүн 62 килограмм салмак категориясында күч сынайт.

Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого каражат ратификацияланды

Жогорку кеңеш Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого 100 миллион доллар каражат алууну ратификациялады. Аталган мыйзам долбооруна 109 депутат добуш берди. Азия өнүктүрүү банкы каражаттын 40 пайызын грант катары берсе, 60 пайызын 32 жылга насыя катары бөлөт. Ал эми долбоорду ишке ашырууга 160 миллион доллар керектелет. Калган сумманы… Кененирээк…

Олимпиаданын лицензиялык турнири Кыргызстанда өтөт

Олимпиаданын лицензиялык турнири Кыргызстанда өтөт. Бириккен күрөш дүйнөсүнүн аткаруу кеңешинин чечими боюнча Мелдеш 27-марттан 29уна чейин Бишкекте болоорун бекитти. Федерациянын аткаруу комитетинин чечими боюнча кытайлык спортчулар алгач Сербияга барышып, инкубациялык мөөнөттүн алкагында эки апта болушат. Кошумчаласак, буга чейин аталган турнир Кытайдын Сиань шаарында өтмөк. Жылдыруу… Кененирээк…

Республикадагы 1-класстан 4- класска чейинки окуучулардын тамактануусуна 555,5 миллион сом бөлүндү

Ушул жылы республикадагы 1-класстан 4-класска чейинки окуучулардын тамактануусуна 555,5 миллион сом бөлүндү. Мындан сырткары Бишкек жана Оштун жергиликтүү бюджетинен 200 миллион сом каралат. Мектептеги ар бир баланын тамактануусуна күнүнө 7 сомдон бөлүнгөнү маалым. Ал эми бийик тоолуу жана өлкөнүн алыскы аймактарындагы билим берүү мекемелериндеги окуучуларга… Кененирээк…