“Ювентус” менен “Интердин” жылдырылган беттеши 9-мартта өтөт

“Ювентус” менен “Интердин” жылдырылган беттеши 9-мартта өтөт. Футбол боюнча Италиянын чемпионатынын 26-турундагы оюну буга чейин корнавирустун айынан 13-майга жылдырылганы айтылган. Италиянын Футбол федерациясы А сериясы менен биргеликте келишим түзгөн. Ошондой эле жылдырылган оюндардын ичинен «Сампдория» — «Верона» беттеши 7-мартта, «УдинЕзе» — «Фиорентина» 8-мартта, «Милан» — «Женоа»… Кененирээк…

Декларациялык кампаниянын экинчи этабы башталды

Декларациялык кампаниянын экинчи этабы башталды. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, ал ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт. Маалыматка ылайык, белгиленген мөөнөткө чейин Бирдиктүү салык декларациясын физикалык жактар тапшырышы керек. Эске салсак, юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү кечээ аяктады. Толук маалыматты 1240 номурунан же sti.gov.kg сайтынан… Кененирээк…

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге каржылык колдоо көрсөтүлөт

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди. Анын айтымында, 9-майга карата ар бирине 20 миң сомдон берилет. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары учурда өлкө боюнча 251ди түзөт.

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 9 партия ат салышат

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 9 партия ат салышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аталган аймак боюнча координатору Расул Бакиров билдирди. Анын айтымында, талапкер партиялардын документтерин кабыл алуу мөөнөтү аяктады. Белгилеп кетсек, добуш берүү 12-апрелде өтөт.

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кырдаал аба-ырайынын температурасы тез жогорулаганына жана жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу. Мындан улам Бишкек – Ош, Ала-Бука – Каныш-Кыя жана Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу трассаларындагы айдоочулар этият болушу зарыл. Унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы… Кененирээк…

Кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

Кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, биринчиликте 7 топтом медаль ойнотулду. Ал үчүн республика боюнча 350дөн ашык балбан күч сынашты. Турнирдин жыйынтыгында, Бейбарс Анарбеков, Нурбек Сагынбеков, Равил Самат уулу, Эрбол Турапбеков, Бектурхан Кожомуратов жана Нурбек Кожобеков жеңүүчү болушту. Жыйынтыктын… Кененирээк…

Жалдагы сквер жашылдандырыла баштады

Тыналиев – Ахунбаев көчөлөр кесилишиндеги сквер жашылдандырыла баштады. Сейил багына “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ар түрдүү дарактардын 100гө жакын көчөтүн отургузушту. Бул үчүн күздө 4 миң чарчы метр жерге топурак төшөлүп, даярдалган. Эске салсак, буга чейин эс алуу багына жарык орнотулган. Мындан тышкары… Кененирээк…

Япониядагы лайнердеги кыргызстандык жарандын анализинде коронавирус чыккан жок

Япониядагы лайнердеги кыргызстандык жарандын анализинде коронавирус чыккан жок. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, бул кыргызстандыктан кайталанып анализ алынгандан кийин белгилүү болду. Анда вирустун жок экендигин күбөлөндүргөн япон госпиталынын медициналык сертификаты бар. Учурда ал бейтапканадан чыгарылып, мурдагыдай эле жүрөт.  Эгерде ал жаран кайтып келүү жөнүндө чечим кабыл… Кененирээк…

Бишкекте түнү бою Милициянын кайгуул кызматы нөөмөттө болду

Бишкекте түнү бою Милициянын кайгуул кызматы нөөмөттө болду. Ички иштер министрлиги 24 агенттигине билдиргендей, түндө мыйзамдан тышкаркы иштер катталган жок. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ала-Тоо аянтын иретке келтирүүнү улантууда. Эске салсак, кечээ ордо калаада митинг өттү. Анын уюштуруучуларын милиция кызматкерлери Жогорку Кеңештин мекемесине бара жаткан… Кененирээк…

Москвада Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн 7 жаран аныкталды

Москвада Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн 7 жаран аныкталды. Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлдөрү жарандар мындан тышкары жасалма айдоочулук күбөлүктөрүн да пайдаланып келишкенин билдиришти. Аталган документтерди Россиянын аймагында мыйзамсыз эмгектенип жүргөндөр колдонушкан. Аталган факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.