Беш шаардык кеңешке шайлоого катышууга 22 партия документ тапшырды. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, кечээ документтерди кабыл алуу токтотулду.
БШКнын өкүлдөрү 13-мартка чейин аларды карап, талапкерлерди каттап, ат салышууга укук берет. Эске салсак, 12-апрелде Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоо өтөт.