Билим берүү министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен 3 кылмыш иши козголду

Билим берүү министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен 3 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Генералдык прокуратурадан билдиришти. Башкы көзөмөлдөөчү орган министрликте каражат максатсыз колдонулганын аныктады.

 

Мамлекетке келтирилген материалдык зыян 32,5 миллион сомду түзөт. Бузуулар 5-6-класстын окуучуларына окуу куралдарын басып чыгарууда катталган. Ошондой эле, 7-8-9-класстар үчүн китептер мыйзам бузуулар менен сатылып алынганы аныкталды. Тергөө жүрүүдө.