Кыргызстанда сапатсыз жана аткезчилик менен алынып келинген продукция жок кылынат

Кыргызстанда сапатсыз жана аткезчилик менен алынып келинген продукция жок кылынат. Бул тууралуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештен билдиришти. Тиешелүү токтом өкмөт тарабынан кабыл алды.

 

Документте сапатсыз азык-түлүктөрдү жок кылуу жазылган. Кеңештен белгилешкендей, бул суроо буга чейин дагы көтөрүлүп келген. Ишкерлер өлкө аймагына сактоо мөөнөтү өтүп кеткен жана сертификаттары жок продукция жеткирилип жатканына арызданышкан. Бирок тиешелүү механизмдер жок болгондуктан, товар сактоо жайларда кала берген.