Калкты жана турак-жай фондун каттоодо жарандар каттоочулардын күбөлүгүн текшериши керек

Калкты жана турак-жай фондун каттоодо жарандар каттоочулардын күбөлүгүн текшериши керек. Бизге Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, документте атайын QR-код болот, жарандар  аны смартфону аркылуу өткөрсө, каттоочу тууралуу бардык маалымат чыгарылат.

 

Ал эми уюлдук телефондору жоктор райондук статистика комитеттерине чалып, алардын аймагына тиешелүү катоочунун аты-жөнүн биле алат. Кыргызстанда калкты жана турак-жай фондун каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин өтөт.