Кыргызстандын жарандыгынан 964 киши чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгын алуу жана андан чыгуу жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Документке ылайык, жарандыкты 1 миң 776 адам кабыл алды, басымдуусу тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт. Экинчи жарлыктын негизинде 964 адам Кыргызстандын жарандыгынан баш тартты.