Кыргызстанда “Китеп” борбору пайда болот

Кыргызстанда “Китеп” борбору пайда болот. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей,  ал жергиликтүү басмаканалардын ишин жөнгө сала турчу убактылуу мекеме болот.

 

Анда окуу куралдары талаптарга ылайыктыгына текшерилип турат. Баа илимий жана орфографиялык жактан берилет. Министрликтен ишендиришкендей, борбор сапаттуу адабият чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.