Бишкекте жолдордогу чуңкурларды ондоо башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасы Чүй проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Манас проспектине чейинки тилкесин ирээтке келтирип жатат.
Кезекте Фучик, Лев Толстой, Ахунбаев, 7-апрель көчөлөрү жана Жибек Жолу проспекти турат.