Жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдыруу боюнча чечим кийинки жумада кабыл алынат

Жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдыруу боюнча чечим кийинки жумада кабыл алынат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Белгилеп кетсек, учурда Кыргызстандын беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери жүрүп жатат.   Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда.… Кененирээк…

Сузак районунда үйлөр жана көчөлөр дезинфекцияланып жатат

Сузак районунда үйлөр жана көчөлөр дезинфекцияланып жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт. Иштерди санэпидем станция менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аткарууда.   Дезинфекцияга колдонулган каражат адамдар жана мал үчүн зыяны жок. Эске салсак, кечээ Сузак районунда коронавируска кабылган 3 адам катталды. Алар Сауд Арабиясына кичи… Кененирээк…

Бишкек-Ош унаа жолу ачылды

Бишкек-Ош унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен novosti.kgге билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен аталган тилкенин 255-чакырымына бийиктиги 3, туурасы 12 метр көлөмүндөгү кар массасы түштү. Жабыркагандар катталган жок. Мындан улам Арал унаа өткөрүү түйүнү жабылган. Тазалоо иштери аяктады, — дешти ведомстводон.

COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын биринчи тесттери колдонула баштады

COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын биринчи тесттери колдонула баштады. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом билдирди. Анын айтымында, вирус чыккандан кийин 60 күн өткөн соң  вакцинанын биринчи тесттери башталганы чоң жетишкендик. Эми дүйнө жүзүндөгү бардык изилдөөчүлөр эксперименталдык препараттарга баа берип турушмакчы.

Жалал-Абадга коронавирусту аныктоо үчүн 2 жумушчу лаборатория жиберилди

Жалал-Абадга коронавирусту аныктоо үчүн 2 жумушчу лаборатория жиберилди. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, көчмө лабораториялар күнү-түнү иштейт. Өлкөнүн түштүк аймагына ордо калаадан тажрыйбалуу вирус изилдөөчү адис жиберилди. Чолпонбаев белгилегендей, ар бир бейтапканада жана “Манас” аба майданында 24 саат бою медицина кызматкерлери нөөмөттө турушат.

Кыргызстанда медицина кызматкерлерине 30 миллион сом бөлүндү

Кыргызстанда медицина кызматкерлерине 30 миллион сом бөлүндү. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, учурда коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлер оор шартта иштеп жатат. Алардын учурдагы маянасы 10 миң сомду түзөт. Кошумча акы эпидемиологиялык фонддон бөлүндү. Өкмөт башчы белгилегендей, вирус жуктурган адамдар менен тыгыз байланышта болгон 144 адамды караган… Кененирээк…

600 миңден ашык бет кап аймактарга жеткирилди

600 миңден ашык бет кап аймактарга жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын баасы 10 сомдон ашпашы керек, бир адамга 5 даанадан ашык берилбейт. Ведомство ишкерлер менен келишим түзүп, айрымдары кийим-кече жана башка буюмдарды өндүрүүнү токтотуп, медициналык бет кап тигүүгө өтүштү. Чолпонбаев белгилегендей, учурда… Кененирээк…

Таласта коронавирус катталган жок

Таласта коронавирус жуктуруп алган адам катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, өлкө боюнча 3 адам вируска кабылды. Андан башка учурлар каттала элек. Жарандарга бир гана расмий маалыматтарга ишенүү сунушталат. Белгилеп кетсек, соцтармактарда Таласта коронавирус аныкталгандыгы тууралуу билдирүүлөр… Кененирээк…

Эл аралык «Евровидение-2020» музыкалык сынагы уюштурулбайт

Эл аралык «Евровидение-2020» музыкалык сынагы уюштурулбайт. Маалымат сынактын расмий сайтында жарыяланды. Уюштурууга жооптуу Европа телерадиоберүү бирикмеси мындай чечимге «COVID-19 вирусунун бүтүндөй Европага жайылышы, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен Нидерланд бийлигинин чектөөсү себеп болгонун маалымдады. Роттердам шаары бул конкурсту эми 2021-жылы уюштурат. Быйылкы концерт 12-майдан… Кененирээк…

Эл жана турак жай фондун каттоонун мөөнөтү 1 айга жылдырылды

Эл жана турак жай фондун каттоонун мөөнөтү 1 айга жылдырылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эл каттоо 23-апрелден 1-майга чейин өтөт. Мөөнөттүн жылдырылышы эпидемиалогиялык кырдаалга байланыштуу. Кошумчаласак, ал Кыргызстанда быйыл биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өткөрүлөт. Каттоо иштери 23-марттан… Кененирээк…