Сузак районунда үйлөр жана көчөлөр дезинфекцияланып жатат

Сузак районунда үйлөр жана көчөлөр дезинфекцияланып жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт. Иштерди санэпидем станция менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аткарууда.

 

Дезинфекцияга колдонулган каражат адамдар жана мал үчүн зыяны жок. Эске салсак, кечээ Сузак районунда коронавируска кабылган 3 адам катталды. Алар Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгендер.