600 миңден ашык бет кап аймактарга жеткирилди.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей,
алардын баасы 10 сомдон ашпашы керек, бир адамга 5 даанадан
ашык берилбейт. Ведомство ишкерлер менен келишим түзүп,
айрымдары кийим-кече жана башка буюмдарды өндүрүүнү токтотуп,
медициналык бет кап тигүүгө өтүштү. Чолпонбаев белгилегендей,
учурда коргонуу каражатын бардык жарандар кийүүгө зарылчылык жок.
Дары-дармек, жабдуулар жетиштүү деңгээлде.