Эл аралык «Евровидение-2020» музыкалык сынагы уюштурулбайт.
Маалымат сынактын расмий сайтында жарыяланды.
Уюштурууга жооптуу Европа телерадиоберүү бирикмеси мындай чечимге
«COVID-19 вирусунун бүтүндөй Европага жайылышы, ошондой эле
катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен Нидерланд бийлигинин
чектөөсү себеп болгонун маалымдады. Роттердам шаары бул
конкурсту эми 2021-жылы уюштурат. Быйылкы концерт
12-майдан 16сына чейин өтөөрү белгиленген.