Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 7,5 миң тест-система берди

Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 7,5 миң тест-система берди. Муну менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин жабдууга болгон муктаждыгы жоюлду. Учурда өлкөдөгү вирустук инфекциялардын жайылышын алдын алуу максатында, медицина жана обсервация кызматкерлери, эпидемиологдор, тез жардам кызматынын адистери күнү-түнү иштөө режимин улантып жатышат. Белгилеп кетсек, бизге буга чейин тест-системаларды… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Белгилеп кетсек, кечээ Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур катталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Такталган маалымат боюнча учакта жалпы 144 киши болгон. Экөө Өзбекстанга чыгып кеткен. Алардын 142синен анализдер… Кененирээк…

Бишкекте тышкы жарнама жайгаштыруу эрежеси өзгөрдү

Бишкекте тышкы жарнама жайгаштыруу эрежеси өзгөрдү. Аны шаардык кеңеш кабыл алды, мыйзам ушул айдан баштап күчүнө кирди. Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкек жарнама” муниципалдык ишканасы түзүлдү. Эми ишкана ээлери конструкцияларды орнотуу боюнча тиешелүү документтери менен аталган ишкананын реестрине катталууга тийиш. Жарандар кошумча суроолору менен муниципалитетке байланышка… Кененирээк…

Өлкөдөгү башкы магистралдар кыймылга ачык

Өлкөдөгү башкы магистралдар кыймылга ачык. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан билдирди. Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Талас жана башка багыттагы эл аралык, шаар аралык жолдордун баары ачык, кадимкидей тартипте иштеп жатат. Өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген жок. Мындан улам жол кыймылына да чектөө жок. Кошумчаласак, Кыргызстандагы… Кененирээк…

Баткендеги ири базарлар бүгүндөн тарта жабылат

Баткендеги ири базарлар бүгүндөн тарта жабылат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, калаадагы борбордук, Самаркандек, Кара-Бак, Халмион базарлары жана облустун аймагындагы район, шаарлардагы ири базарлар жабылат. Ал эми күнүмдүк соода түйүндөрү, кичи базарлар адаттагыдай иштей берет.

Кыргызстан 40 өлкө менен почта байланышын токтотту

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы почталык жиберүүлөрдү кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, коронавирус кырдаалына байланыштуу 40 мамлекетке багытталган почталык жиберүүлөрдүн бардык түрү токтотулду. Ошондой эле Кыргызстандын дайындалган операторлору менен башка мамлекеттердин ортосундагы почталык билдирүүлөр Казакстан, Өзбекстан… Кененирээк…

Ош шаарында ун жарманкеси уюштурулат

Ош шаарында ун жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Каалоочулар Кулатов кичи районундагы борбордук ун базарына барса болот. Товардын элге пайдалуу сатылуусун мэр Таалайбек Сарыбашов өзү көзөмөлгө алат. Анда бир адамга 2 каптан ашык берилбейт. Бул чара пайда көрүү максатында дүңүнөн сатып алууну көздөгөндөргө… Кененирээк…

Кыргызстанда эл каттоонун мөөнөтү жылдырылат

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоонун мөөнөтү жылдырылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кайсы мөөнөткө жылдырылганы тууралуу азырынча айтыла элек. Кошумчаласак, Эл каттоо ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Ал Кыргызстанда быйыл биринчи жолу… Кененирээк…

Эртеңден тартып Кыргызстандагы бардык бала бакчалар жабылат

Эртеңден тартып Кыргызстандагы бардык бала бакчалар жабылат. Билим берүү министрлиги өлкөдөгү мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин ишин токтотуу чечимин кабыл алды. Эске салсак, өлкөдө 16-марттан баштап билим берүү мекемелери жабылган. Карантин 6-апрелге чейин созулат.