Жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдыруу боюнча чечим кийинки жумада кабыл алынат

Жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдыруу боюнча чечим кийинки жумада кабыл алынат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Белгилеп кетсек, учурда Кыргызстандын беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери жүрүп жатат.

 

Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Буга чейин БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо белгиленген мөөнөттө өтөт, аны жылдыруу каралбайт деп билдирген болчу.