Мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн даярдана алат

Мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн даярдана алат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, видео сабактар Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында жеткиликтүү.   Ошол эле сабактар мамлекеттик телеканалдардан күнүнө 2 ирет көрсөтүлүп турат. Эске салсак, буга чейин жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо белгисиз мөөнөткө… Кененирээк…

Кыргызстанда биометрикалык паспорт басып чыгарууга жарыяланган тендердин биринчи баскычы жыйынтыкталды

Кыргызстанда биометрикалык паспорт басып чыгарууга жарыяланган тендердин биринчи баскычы жыйынтыкталды.   Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтындагы маалыматка караганда, тендерге үч компания катышып, алардын ичинен германиялык жана казакстандык компаниялар экинчи турга өттү.   Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорт басып чыгарууга 973 миллион сом бөлүүгө даяр.

Жалал-Абадда коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү

Жалал-Абадда коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү. Тиешелүү буйрукка аймактын коменданты Жеңиш Жоробеков кол койгонун “Азаттык” билдирет. Ага ылайык, 16-апрелден тарта Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда кечки 9дан таңкы 6га чейин коменданттык саат киргизилет.   Бул убакта көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек. Буга чейин… Кененирээк…

Бишкекте буга чейин жүрүүгө уруксат берүүчү документтер автоматтык түрдө узартылат

Бишкекте буга чейин жүрүүгө уруксат берүүчү документтер автоматтык түрдө узартылат. Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, уруксат кагаздарын жаңы алайын дегендер 16-апрелден тарта аларды электрондук форматта ала алат.   Эске салсак, кечээ президент Кыргызстандын аймактарында өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу… Кененирээк…

Паспортту тез арада алуу кызматы арзандады

Паспортту тез арада алуу кызматы арзандады. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 16-марттан тарта 2017-жылы чыккан үлгүдөгү ID-карта 4 миң 270 сомдон 3 миң  987 сомго түштү.   Ал эми жалпы жарандык паспорт 6 миң 193 сомдон    5 миң  523 сомго арзандады. Бул төмөндөтүлгөн баалар 16 жашка… Кененирээк…

Баткенде жүргөн үшүк дээрлик жарым миллиард сомго зыян алып келди

Баткенде жүргөн үшүк дээрлик жарым миллиард сомго зыян алып келди. Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 9-10-апрелде жааган кардын айынан облус боюнча 1 миң 971 гектар аянттагы өрүк, алма, шабдалы жана башка мөмөлүү дарактар жараксыз болду.   Жалпы чыгым 480 миллион сомго бааланууда. Аны эсептөөгө атайын… Кененирээк…

ЖРТга даярдаган сабактар теледен көрсөтүлө баштады

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу сабактары ЭлТРдин «Билим жана Илим» каналынан эфирге бериле баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.   Ага ылайык, видеосабактар «Билимди баалоо жана окутуу усулдары» борбору тарабынан даярдалган. «Атайын видеосабактар дүйшөмбүдөн ишембиге чейин бир күндө эки ирет эфирге… Кененирээк…

Ошто коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү

Ошто коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү. Тиешелүү буйрукка комендант Малик Нурдинов кол койду. Ага ылайык, 16-апрелден тарта Ош шаарында, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда кечки саат 9дан таңкы 6га чейин коменданттык саат киргизилет.   Бул убакта көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек. Буга чейин коменданттык… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы жүк ташууларга ачылды

Кыргыз-кытай чек арасы жүк ташууларга ачылды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин “Иркештам” өткөрүү бекетинин иши калыбына келип, оор жүк ташыган унаалар үчүн ачылды.   Бирок адамдардын өтүүсүнө чектөө алынган жок.   Ал эми кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” түйүнүн ачуу эпидемиологиялык абалга жараша… Кененирээк…