Ошто коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү

Ошто коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү. Тиешелүү буйрукка комендант Малик Нурдинов кол койду. Ага ылайык, 16-апрелден тарта Ош шаарында, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда кечки саат 9дан таңкы 6га чейин коменданттык саат киргизилет.

 

Бул убакта көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек. Буга чейин коменданттык саат кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин болчу. Эске салсак, 25-марттан бери Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.