Мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн даярдана алат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, видео сабактар Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында жеткиликтүү.
Ошол эле сабактар мамлекеттик телеканалдардан күнүнө 2 ирет көрсөтүлүп турат. Эске салсак, буга чейин жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.