Жалал-Абадда өткөрмө кагаздар автоматтык түрдө узартылды
Жалал-Абадда өткөрмө кагаздар автоматтык түрдө узартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди. Анын айтымында, айрым аймактарда өзгөчө абал узартылганына байланыштуу аталган документтер эми 30-апрелге чейин жарактуу болот.