Жалал-Абадда коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү

Жалал-Абадда коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү. Тиешелүү буйрукка аймактын коменданты Жеңиш Жоробеков кол койгонун “Азаттык” билдирет. Ага ылайык, 16-апрелден тарта Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда кечки 9дан таңкы 6га чейин коменданттык саат киргизилет.

 

Бул убакта көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек. Буга чейин коменданттык саат кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин болчу.

 

Эске салсак, 25-марттан бери Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.