Менчик мектептерге окуу акысын азайтуу сунушталды

Менчик мектептерге окуу акысын азайтуу сунушталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, учурда сабактар онлайн түрүндө аралыктан өтүп жаткандыктан, окуучулардын тамак-ашына, канцелярдык товарларга жана коммуналдык төлөмдөргө жумшалуучу чыгымдар жок. Бирок имараттын ижара акысы төлөнүшү керек. Мындан улам ата-энелер жана жеке менчик мектептердин администрациялары… Кененирээк…

Кыргызстанга Кытайдан атайын дарыгерлер тобу келди

Кыргызстанга Кытайдан атайын дарыгерлер тобу келди. Бул тууралуу өкмөттүн мааалымат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, Кытай медицина кызматкерлери биздин өлкөнүн адистерине коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жардам берип, тажрыйбасы менен бөлүшөт. Белгилеп кетсек, Кыргызстанга Кытайдан адистерди жөнөтүү чечими эки өлкө башчылары ортосунда 14-апрелде макулдашылган.

Кыргызстанда коронавируска массалык түрдө текшерүү эки күндө башталат

Кыргызстанда коронавируска массалык түрдө текшерүү эки күндө башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, жеке лабораториялардын бири мамлекеттик лабораториянын базасында иштөөгө киришти. Бир анализдин баасы орто эсеп менен эки миң сомдон жогору болот. Кошумчаласак, республикада коронавирус жуктуруп алгандардын саны 568ге… Кененирээк…

Италиянын “Рома” футбол клубунун оюнчулары сезондун аягына чейин айлыктан баш тартты

Италиянын “Рома” футбол клубунун оюнчулары сезондун аягына чейин айлыктан баш тартты. Бул коронавируска каршы күрөшүүдө колдоо катары кабыл алынган чара.   Белгилеп кетсек, дүйнөдө коронавирус кеңири жайылгандыгына байланыштуу, көпчүлүк футбол лигалары токтотулган. Оюндардын токтошу менен футбол клубдары каржылык чыгымга учурап жатат.

Бишкекте велосипед тээп жүргөндөрдүн велосипеди убактылуу тартылып алынат

Бишкекте велосипед тээп жүргөндөрдүн велосипеди убактылуу тартылып алынат. Ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдиргендей, өзгөчө абал режиминде эс алуу бактарында сейилдеп, велосипед тээп жүргөндөр көбөйүүдө.   Кимде ким велосипед менен өзгөчө абалдын талаптарын аткарбай жана санитардык норманы сактабай көчөдө жүрсө, велосипеди убактылуу алынат, — деди комендант.

Мамлекеттик программалардын алкагында берилген насыяларды кайтарууну 3 айга жылдыруу сунушталды

Мамлекеттик программалардын алкагында берилген насыяларды кайтарууну 3 айга жылдыруу сунушталды.   Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, ишкерлерге насыны төлөө мөөнөтүн 3 айдан кем эмес мөөнөткө артка жылдыруу, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү албоо, негизги суммага кошуп эсептебөө, насыяны төлөөнү кечиктирген учурда айып же үстөк пайыз чегербөө пландалууда.… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 140ка жетти

Кыргызстанда коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 140ка жетти. Анын арасынан 39у дарыгерлер, медициналык орто билимдүү кызматкерлер 58, 23ү санитардык кызматкерлер, медициналык мекемелерде техникалык жаатта, чарба бөлүмдөрүндө, ашканада иштегендердин ичинен оору жугузгандар — 20.   Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, акыркы сутка ичинде… Кененирээк…

81 адам коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн кармалды

Акыркы суткада саат 21:00-06:00 аралыгында 81 адам коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн кармалды. 8 автоунаа атайын токтотмо жайларга токтотулду. Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 66, Жалал-Абад шаарында – 4, Ош шаары боюнча — 3, Нарын шаарында – 4, Ат-Башы району боюнча бир, Ноокат районунда бир,… Кененирээк…

Колду бат-баттан самындап жуу – кооптуу болуп эсептелет

Колду бат-баттан самындап жуу – кооптуу болуп эсептелет. Дерматологдордун айтымында, дерматит илдети менен кайрылгандардын көбү колун улам-улам жууй бергендер.   Анткени улам самындап колду жуу, антисептикалык каражаттарды байма-бай колдоно берүү теринин флорасын бузуп, иммунитетти түшүрөт. Колду самындап жуугандан кийин сөзсүз терини азыктандыра турган крем сүйкөө… Кененирээк…

Карантинде эмгек өргүүсүнө чыккан медицина кызматкерлерине акы төлөнбөйт

Карантинде эмгек өргүүсүнө чыккан медицина кызматкерлерине акы төлөнбөйт. Тиешелүү буйрукка Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов кол койду.   Белгилеп кетсек, буга чейин жаш курагы улуу, өнөкөт оорусу барлар жана кош бойлуу кызматкерлер эмгек өргүүсүнө чыгарылган. Бирок ведомство аталган буйрукту кайра жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.